Бишкек шаарында 210 автобустун 90у гана каттамга чыкты. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары борбор калаадагы коомдук транспорттун саны кескин азайды. 2017-жылы коомдук транспорттун саны 4 миң 136 болсо, бүгүнкү күндө 1 миң 590у калды. 2017-жылы 95 автобус болгон, 2019 -жылга чейин алардын саны 173кө жеткен, бирок быйыл транспорттун эскиришинен улам алардын саны 87ге түштү. 27 троллейбус оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, каттамга чыгарылды. 2017 -жылы троллейбустардын саны 103 болсо, бүгүнкү күндө 130га жетти.
Мындан тышкары, “Эко Пассажир Транспорт” ишканасы менен кызматташуу келишимине ылайык, жеке тараптар борборго 210 автобус жеткиришкен. Мэрдин айтымында, бүгүнкү күндө 80-90 автобус гана каттамга чыккан, бул айдоочулардын аздыгынан болууда.