Улуттук энергетикалык холдинг Тажикстандан электр энергиясын алуу боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кеткендиктен, Кыргызстан Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык системасына кирген бардык өлкөлөр менен электр кубатын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"Региондун энергетикалык системасы ресурстарды рационалдуу пайдалануу үчүн электр энергиясын бири-бирине берип турушуна мүмкүнчүлүк берет. Буга байланыштуу октябрь айынын башында Тажикстандын энергетика системасынан электр кубаты алынган. Ал Баткен жана Ош облусундагы нормадан ашык колдонулган энергияны жаба алат”, — деп айтылат билдирүүдө. Эске салсак, 1-октябрда Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстандан күн сайын 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алып жатканын кабарлаган.
Өткөн жуманын орто ченинде Кыргызстандын Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси Тажикстандын мамлекеттик "Барки Точик" энергокомпаниясына Кыргызстанга 1-октябрдан тарта электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушу менен кат жолдогон.