"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшкөн айып пулдун каражаты кандай бөлүштүрүлө турганын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди. Белгилегендей айып пулдарды бөлүштүрүү схемасы атайын токтомдо аныкталган.
Каражат алгач Финансы министрлигинин эсебинде топтолуп, андан кийин тиешелүү тартипте бөлүштүрүлөт. "Вега" компаниясы ар бир эреже бузуудан 200 сомдун тегерегинде алат. Ошондой эле 2 жарым миллион сомдой акча "Коопсуз шаар" системасын техникалык жактан колдоо үчүн жумшалат. Анда Мониторинг борборунун операторлору маалыматтарды иштеп чыгышат. Калган каражат кандай бөлүштүрүлө турганы 56-токтомдо каралган", — деди Кененбаева.