Аба ырайы кескин муздап кеткенине байланыштуу Бишкек шаарына жылуулук өткөн жылга салыштырмалуу эрте берилди. Бүгүн вице-мэрлер маалымат жыйында күз-кыш мезгилине карата шаардын даярдыгы тууралуу маалымат берилди.
Ушул күндө 50 оорукана, 71 бала бакча, 65 мектеп жана 1 903 турак үй жылуулукка кошулду жана башка дагы туташтырылчу мекемелер бар болгондуктан маалыматтар саат сайын өзгөрүп турат. Шаар мэри борбор калаада көмүр саткан алты отун базасы жана 10 стационардык пункт бар экенин билдирди.
Аба ырайынын кескин төмөндөшүнөн улам көмүр сатуучу базаларда кара алтын тартыштыгы байкалууда жана баасы дагы көтөрүлүп кеткен. Айрым жерлерде бир тонна көмүр 4900 сомдон сатылууда. Мындан улам Айбек Жунушалиев Монополияга каршы агенттиги менен биргеликте баа көзөмөлгө алынарын билдирди.