Ордо калаада акыркы күндөру көмүрдүн баасы көтөрүлүп кетти. Мындан улам шаар башчысы Айбек Жунушалиев Монополияга каршы агенттигине бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берди.
Мэрдин айтымына караганда, буга чейин бир тонна көмүр 4 миң сомдун тегерегинде болсо, азыр андан да кымбаттап кеткен. Эгер бааны себепсиз көтөрүп жатышса, аны түшүрүү үчүн бардык чаралар көрүлөт. Бүгүнкү күндө көмүр кампаларында 5 миң тоннадай көмүр бар. Мындан сырткары шаарда алты отун базасы жана 10 стационардык пункт иштеп жатат.