Жаңылыктар
«Кумтөрдү» Кыргызстан өз алдынча иштетип жатканы «Центеррага» жаккан жок
Кыргызстан жаңылыктары
«Кумтөрдү» Кыргызстан өз алдынча иштетип жатканы «Центеррага» жаккан жок

«Кумтөрдө» иш өз ыргагы менен уланып, кенди Кыргызстан өз алдынча, эч кыйынчылыгы жок иштетип жатканы «Центеррага» жаккан жок. Акыркы айларда алар ар кандай маалыматтык чабуул жасап, өзгөчө чет элдик маалымат каражаттары аркылуу каралоону уюштурууда. Анткен менен алардын коомду дүрбөтүү аракети дароо ашкере болду.

"Кумтөрдө" өз ыргагы менен уланган иш туруктуу нукта өнүгүп, кенди Кыргызстан өз алдынча, эч кыйынчылыгы жок иштетип жатканы «Центеррага» жаккан жок. Акыркы айлары алар маалыматтык ар кандай чабуул жасап, өзгөчө чет элдик маалымат каражаттары аркылуу каралоо кампанияларын уюштурууда.

Жакында эле борбордук карьерге суу толуп калды деп, коомду дүрбөтүүнү көздөгөн«Центерранын» чагымчыл маанайдагы карандай калпы дароо ашкере болду. 

Ал жактагы суу канадалыктар башкарып турган учурда деле ошондой болчу. “Центерра” эмнегедир аны эстегиси келген эмес. 

«Кумтөрдүн» улук инженер-гидрогеологу Кирилл Алексеев «Центерра» сүрөттөрүн көрсөтүп, чоң ызы-чуу чыгарууну каалаган ошол көлмөнүн жанында туруп маек берди. Бул суунун көлөмү күн сайын 1,5 метрге азайып отуруп, жакында ал жакта эч нерсе калбайт. 

Учурда кендин бир катар участкаларында ар кандай кубаттуулуктагы 170 насос иштеп жатат. Дагы 37 насос сакталып турат. Мындагы суунун көбү алтын ылгоо фабрикасынын муктаждыктары үчүн жумшалса, калганы кендеги ар кандай чарбалык иштер үчүн керектелет. 

Буга чейин канадалыктар кендеги суу ресурстарын каалагандай пайдаланып, фабрикага Петров көлүнүн таптаза сууларын колдонуп келишкен. Бир убакта таза суунун баасы алтындан алда канча кымбат болоорун айткан Теңгиз Бөлтүрүк мындай ысырапкорчулукка дароо бөгөт койду. Сырткы башкаруучунун тапшырмасы менен бүгүн алтын ылгоо фабрикасы карьерден сордурулган сууну пайдаланууга өтүүдө.

Бул фабриканын сууга болгон керектөөсүн толугу менен канааттандырат. Муну менен Петров көлүнүн таза суулары коромжуга учурабай, сууну сарамжал пайдаланууга шарт түзүлөт.