Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: 

– Чүй облусу: 

-        Сокулук райондук сотуна: 

Садыков Болот Калыбекович; 

-        Ысык-Ата райондук сотуна: 

Шабданбеков Болот Турарович; 

-        Чүй райондук сотуна: 

Абдрасул уулу Бектур; 

-        Токмок шаардык сотуна: 

Акбалаева Нурия Каинбековна; 

– Ош облусу: 

-        Кара-Суу райондук сотуна: 

Мамасалиева Мээрим Жумалиевна; 

-        Ош шаардык сотуна: 

Максатбеков Султан Максатбекович; 

Мойдунов Абдисалам Абылкасымович; 

– Жалал-Абад облусу: 

-        Жалал-Абад шаардык сотуна: 

Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович; 

– Бишкек шаары: 

-        Октябрь райондук сотуна: 

Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.