Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуусунда биздин мамлекет эл аралык сотто "Кумтөр" боюнча ишти сөзсүз утуп алаарына ишенимин билдирген.
Академик, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Жамин Акималиев мамлекет башчысынын оптимизмине ортоктош. Илимпоздун айтымында, башка вариант болушу мүмкүн эмес.
"Мамлекет башчысы азыркы жагдайды баарыбыз уккубуз келгендигин айтты. Кумтөр биздики жана ал өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек. Канадалыктар биздин коррупционер, сатылма атка минерлерибиз менен биргеликте жасаган одоно мыйзам бузууларды биз сөзсүз жеңип, адилеттүүлүккө жетебиз", - дейт Акималиев. Ошол эле учурда академик Кыргызстан менен Центерра жетекчилигинин ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр өлкө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн деп ишенет.
"Кээде соттошуп, ресурстарды жана баалуу убакытты жоготуунун ордуна, бир пикирге келүүгө аракет кылуу жакшы. Капиталисттер кандай болбосун, алар дагы пайдалуу нерсе кылышты, тактап айтканда, алар кенди иштете башташты. Бир гана нерсе – биз "Кумтөр" элге таандык болушу керек!" деген шартты коюшубуз зарыл. Мындан тышкары, алар келечекте биздин экологиянын бузулбашы үчүн шарттарды түзүшү керек. Анткени, биздин мөңгүлөрүбүз миллиарддаган суунун запасы, биз аларды коргоого тийишпиз. Эгерде алар ошого макул болушса, жеңилдик берүүгө болот ", - дейт Жамин Акималиев.