Жаңылыктар
Эл эмне үчүн "Кумтөр" маселесинде президентти колдоп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Эл эмне үчүн "Кумтөр" маселесинде президентти колдоп жатат?

"Эл эмне үчүн "Кумтөр" маселесинде президентти колдоп жатат? Себеби, маселе чечилип калса, мурдагы президенттер калтырып кеткен ички жана сырткы карыздар кендин эсебинен жабылганы турат", - деп билдирди белгилүү журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Төлөнбай Абдыразаков. 

Анын айтуусунда, кенди толук мамлекетке өткөрүп алуу – социалдык маселелерди чечүүгө да өбөлгө түзөт. Алгач биздин аткаминерлер ошол инвестордун берген акчасына азгырылып, мамлекет кызыкчылыгынан жеке башынын кызыкчылыгын жогору койгон. Учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кумтөр" көйгөйүн 2010-жылдан бери көтөрүп келип, карапайым эл эми гана ал жактагы чыныгы акыбал менен тааныша баштады. 

Жапаровго кандай бут тосуулар болгонун, айрыкча ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков тарабынан болгон мамиле тууралуу эл жакшы билет. Мамлекет башчынын кадамын сындап, каралагандар да жетиштүү. Бирок, чындык деген алаканга салгандай көрүнүп турат эмеспи. Канадалык компаниянын каршылык көрсөткөнү да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, эң башкысы - элдин колдоосу - дейт Төлөнбай Абдыразаков.