Жаңылыктар
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын жаңы ставкалары бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын жаңы ставкалары бекитилди

Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ лицензияларды колдонуу үчүн төлөмдү эсептөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартиби бекитилди. 

Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Кабыл алынган чечим жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктарды сактоого жана лицензияны колдонуу үчүн жыйымдарды мыйзамдык жөнгө салууну жакшыртууга багытталган. Чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгүн талдоо көрсөткөндөй, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө компанияларды кызыктыруу катары жыйымды киргизүүнүн негизги максаты жарым-жартылай гана ишке ашкан. Лицензиялардын көбү кайра сатуу максатында кармалып турган. Мисалы тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн 769 лицензиянын ичинен 250 лицензия же 35 пайызы боюнча гана тийиштүү иштер аткарылууда. 

Белгилей кетсек, 2013-жылга чейин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн административдик жоопкерчилик каралган. Эгер айрым иштер аткарылбаса профилдүү мамлекеттик орган лицензияны жокко чыгара алмак. 2015-жылдан тартып экономикалык рычаг колдонула баштады - лицензияларды колдонуу үчүн жыйым киргизилген. Бул аралыкта 2 жарым млрд сомго жакын каражат түшкөн. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, жыйымдын баштапкы белгиленген көрсөткүчү өндүрүштү ыкчам баштоого, же лицензиялык аянттарды кыскартууга өбөлгө түзө алган эмес. Ошондуктан, аны кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты.