Жаңылыктар
Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Грузиянын IT-парктары кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Грузиянын IT-парктары кызматташат

Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Грузиянын IT-парктары жаңы рынокторго чыгуу жана стартаптарды колдоо үчүн биргелешип аракет кылышат.

Тараптар тиешелүү меморандумга 27-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте өткөн маалыматтык технологияларга арналган Digital Week 2021 форумунун жыйынтыгында кол коюшту.

Мындан тышкары тараптар Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагындагы киберкылмыштар боюнча маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууга жетишишти.

Digital Week форумунун жыйынтыгы менен мындан башка дагы бир катар макулдашууларга да кол коюлду.

Уюштуруучулардын айтымында, бул масштабдуу иш-чарага 12 өлкөдөн эл аралык деңгээлдеги эксперттер келип, жалпы катышуучуларынын саны (оффлайн жана онлайн) 2 миңден ашты. Форумдун жүрүшүндө Facebook, Tik-Tok, UBER, WebTotem, "Касперский лабораториясы" сыяктуу эл аралык компаниялардын өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, жалпысынан 60ка жакын баяндама окулду.

Digital week форумун Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Интернет саясаты жарандык демилге" коомдук фонду, "Электрондук коммерция ассоциациясы" жана "Кыргыз программалык камсыздоо жана кызмат иштеп чыгуучулар ассоциациясы" биргелешип уюштурду. Маалымат технологияларына арналган бул ири иш-чара 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.