Жаңылыктар
Бишкек мэриясы: 5-октябрга караган түнү Бишкекте жылуулук бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы: 5-октябрга караган түнү Бишкекте жылуулук бериле баштайт

5-октябрга караган түнү Бишкекте жылуулук бериле баштай турганын мэриядан кабарлашты. 2021-2022-жылдардын күз-кышкы мезгилдерине даярдык боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп, анда жылытуу мезгилин баштоо мөөнөтү талкууланды. 

Эң алгач мектеп, оорукана, бала бакча, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин карылар үйлөрү, өнөр жай ишканаларына жана турак жайларга таратыла баштайт. Белгилей кетсек, абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштайт.