Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 5-7-октябрларында Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.