Жаңылыктар
Антикоррупциялык Кеңештин аймактарда өкүлчүлүктөрү ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Антикоррупциялык Кеңештин аймактарда өкүлчүлүктөрү ишин баштады

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык Кеңештин аймактарда өкүлчүлүктөрү иштей баштады. Өкүлчүлүктөр Пезиденттин жарлыгына ылайык арыз-даттануулар, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мекемелеринин аракетсиздиги жөнүндө кайрылууларды көзөмөлдөйт. 

Эске салсак, Кеңештин негизги максаты - коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жакшыртуу, мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана коргоо механизмдерин жакшыртуу жана ишкердик субъекттеринин ишин колдоо.