Жаңылыктар
Дастан Бекешев: Алтынды каалаган валютага алмаштырса болот
Кыргызстан жаңылыктары
Дастан Бекешев: Алтынды каалаган валютага алмаштырса болот

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Кумтөрдө" казылган алтындын Кыргызстанда сакталышын туура деп эсептейт. 

Эл өкүлү өлкө жетекчилигинин республиканын эң ири алтын кенин улуттук көзөмөлгө алуу демилгесин толугу менен колдой турганын билдирди. Алтынды өлкөдө сактоо абдан туура, анткени каалаган валюта жана баалуу кагаздарга алмаштырса болот - деди Бекешев. 

Депутат “Кумтөр” алтын кени - улуттук байлык экенин так түшүнүү керектигин эске салды. Бул маселеде Президентке ишеним көрсөтүү маанилүү. Бирок мамлекет башчы алтындын сактоо боюнча жарандардын суроолоруна жооп бериши керек. Антпесе, коомчулукта күмөн пикирлер айтылышы мүмкүн, дейт - Дастан Бекешев.