Акыркы 4-5 жылда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик эки эсеге өстү. Мындай көрсөткүч көбүнесе экспорт импорттун эсебинен болууда.
Негизи эле эки өлкөнүн экономикалык алакадан сырткары, саясий жана социалдык, маданий гуманитардык багытта кызматташтыгы жыл санап артып келет. Алдыда эки өлкө Кыргыз-Өзбек биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүүнү пландап жатат.