Жаңылыктар
“Кылым карыткан өмүр” китеби жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
“Кылым карыткан өмүр” китеби жарык көрдү

Борбордо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана прозаик Асек Урманбетовдун “Кылым карыткан өмүр” китебинин бет ачары жана “Ырларымдын даамын татып тажабай, Өмүр соомдо жазам дагы кылымдап” аталышындагы китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. 

Көргөзмөгө акындын китептери, макалалары жана сүрөттөрү коюлган. Автордун бул чыгармасы адам баласы башынан канчалаган кыйын күндөрдү өткөрсө да, Ата Мекенин, эл жерин сүйүүгө, жаратылышты коргоого жана аруулукту ыйык тутууга үндөйт. 

Асек Урманбетов улгайган курагында чыгармачылыкка аралашып, ыр, проза жазып анын чыгармалары китеп болуп басылып чыкты.