Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары кызматташат. Алар өндүргөн продукцияны эки өлкөнүн ичинде сатууга шарт түзүүнү максат кылууда. 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын Бишкекте өтүп жаткан бизнес-форумунда алаканы бекемдөө маселелери талкууланды. Жыйынга Өзбекстан парламентинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегация келип катышууда. Форум эки күнгө созулат.