Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Венера Рыскулова 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган. Эки жогорку билимдин ээси, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.