Жаңылыктар
Нью-Йорк шаарындагы терракттардын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына Руслан Казакбаев катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Нью-Йорк шаарындагы терракттардын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына Руслан Казакбаев катышты

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Нью-Йорк шаарында 11-сентябрда болгон терракттардын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына катышты. 

Иш-чарада БУУнун Башкы катчысынын орун басарынын, Терроризмге каршы башкармалыгынын Башчысы Владимир Воронков жана 11-сентябрь Мемориалы жана музейинин директору Элис Гринвальд чыгып сөз сүйлөшкөндөн соң, террактын курмандыктарына гүл коюу аземи өттү. Аземге Австрия, Кипр, Босния, Герцеговина, Литва жана башка мамлекеттердин президенттери, ошондой эле 30 өлкөнүн Тышкы иштер министрлери катышышты.

Министр Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышына дагы катышты. Салтанаттуу аземге Түркия Президенти ошондой эле башка өклөлөрдүн делегацияларынын башчылары катышты. Аземдин жүрүшүндө дүйнөдө теңчилик, өз ара пайдалуулук, туруктуу өнүгүү жана ачыктык менен мүнөздөлгөн көп кырдуу глобалдык кызматташуу чөйрөсүн куруунун маанилүүлүгү белгиленди.