Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында 8 ай ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан 151 жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында 8 ай ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан 151 жол кырсыгы катталды

Соңку 8 ай аралыгында Ош облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан 151 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен тилекке каршы 21 бала каза болгон. 

Мындай көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 2 эсеге көп экенин адистер белгилейт. Ушуга байланыштуу жаңы окуу жылынын башталышы менен жол тескөөчүлөр Ошто бир айлык “Салам мектеп” аталышында иш-чара баштады. Анда, жол тескөөчүлөр кооптуу делинген аймактардагы мектептерде жол кыймылына көзөмөл жүргүзөт. 

Күч кызматкерлери ата энелерге да кайрылуу жасап, алардын мектепке баруу каттамына көзөмө салып, балдарынын кыймыл аракетине, бош учурда кайда жүргөнүнө кызыгып, көңүл бурууларын өтүнөт.