Бишкекте бир жуманын ичинде эле 4531 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашкандай, алардын ичинен мас абалында авто унаа башкарган 49 айдоочу, айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкарган 54 айдоочу кармалган.
Мындан сырткары, жол эрежесин бузгандардын катарында, унаанын терезелерин караңгылаткандар, жасалма мамлекеттик номер менен жүргөндөр да бар. Жыйынтыгында 482 авто унаа жасаган ар кандай бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.