Жаңылыктар
Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө

Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте салык төлөнбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөөнүн ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет. Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн авто ээлерин туумдун эсептелишин болтурбоо үчүн азыр төлөөгө чакырат. 

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.