Жаңылыктар
Тогуз-Тородо жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз-Тородо жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүргүзүлдү

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү, УКМКнын райондук бөлүмү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Көк-Ирим айыл аймагындагы Чийлүү-Колот, Алтын-Дөбө, Келин-Таш, Казык участкаларында өскөн 4 гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди.