Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан-Азия—2021» V студенттер форуму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага жалпысынан 25 жогорку окуу жайдын студенттери жана делегаттары катышып, 200дөн ашык доклад окулган. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери да бар. Аларды Коомдук – саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу, милициянын улук лейтенанты Алымбек уулу Медет жетектеп барган.
V студенттер форумунун алкагында илимий конференциялар жана практикалык иш-чаралар өткөрүлүп, студенттер арасында илимий тажрыйба алмашуу гана эмес, эл аралык достукту бекемдөө максатында ар кандай маданий иш-чаралар дагы уюштурулду. Аталган иш-чарада ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту.