Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында 19-сентябрь күнү эки ирет жер титиреди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында 19-сентябрь күнү эки ирет жер титиреди

Ош облусунун аймагында дем алыш күнү эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 19-сентябрда саат 08:40да очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында эки баллга чейин сезилди. 

Ушул эле күнү саат 21:21де дагы бир жер титирөө катталып, Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.