19-сентябрь күнү саат 14:45 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымдагы Кызарт ашуусунда KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy үлгүсүндөгү унаалары сүзүшүп, 7 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек жана 5 аял киши ар-кандай жеңил жаракат алышкан (2 эркек: 1987-ж.т. Ж.Т., 2004-ж.т. 4.Б.Т. 5 аял: 1986-ж.т. С.М., 1988-ж.т. Ж.Н., 1986-ж.т. Ж.А., 1993-ж.т. М.М., 1991-ж.т. М.Н.).
Жерине №42 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.