Бул Кашка - Суу айылында жаңы ачылган мектеп. Кучак толо гүл, билимге суусап турган окуучулар. Балдарын биринчи класска жетелеп келип, толкуп турган ата энелер. Пандемияга байланыштуу эки жылдан бери кагылбаган коңгуроо жаңырды.
Мектептин салтанаттуу ачылышына Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов катышты. Министрлер кабинетинин Төрагасы куттуктоо сөзүндө коомдо мугалимдин кадыры артып, ата-энелерди келечектеги чыгаан уул-кыздарды тарбиялоого жардам берүүгө чакырды.
Окуучулар келген сыйлуу конокторго арнап композитор Жумамүдүн Шералиевдин "Сулуу кыз" чыгармасын жаңыртты.
Айылдын окуучулары буга чейин бала бакчага ылайыкталган имаратта билим алчу. 59 миллион сомдук эки кабаттуу билим уянын курулушу 2019-жылы башталып, ичинде бардык шарты каралган. Химия, физика кабинеттери лабораториясы менен. Информатика классына Министрлер кабинетинин башчысы 15 компьютер белекке берди. Улукбек Марипов 11-класстын окуучуларына тарых сабагынан ачык сабак өтүп, окуучуларга эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн чыгаан инсандардын эрдиги тууралуу айтып берди.