Жаңылыктар
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча программа бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча программа бекитилди

Омор Касымов медицина илимдеринини доктору, профилактикалык медицина тармагында 30 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жатат. Дарыгер апрель айында эле вакцинанын эки өлчөмүн тең алган. 70 жаштан өтүп калганы менен эмдөөдөн кийин анын саламаттыгына эч кандай коркунуч болгон эмес. Дарыгер өзу иштеген тармакта коронавирустун адамдын организмине тийгизген таасири жана анын вирус кеткенден кийинки абалы тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Соңку айда ооруга чалдыккандардын саны төмөндөп, эпидемиологиялык абал турукташып калды. Июль айына салыштырмалуу августта калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 3,1 эсеге азайды. Бирок күнүнө 3-4 адам вирустун курмандыгы болууда. Жугуштуу оору менен дээрлик эки жылдан бери бүткүл дүйнө жүзү күрөшүп жатат. Дүйнө жүзүндө эмделген жарандардын саны боюнча Нидерландынын калкы алыдңкы орунга чыгып, жалпы элдин 80 пайызы эмдөөдөн өттү.

Вируска каршы эмдөөдөн өтүү үчүн бардык жарандар өздөрү жакын жашаган аймактардагы эмдөө пункттарына кайрылса болот. Дарыгерлер жалпы калктын 70% эмделгенде гана вирустан коргонууга мүмкүн экендигин айтышат. Акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча вакцина алган жарандарда вирус жуктуруу коркунучу 0,01% гана болот. Азыркы тапта өлкө боюнча бардык эмдөө пункттарында Европанын Астразенека, Кытайдын синофарм жана Россиянын Спутник-ви вакциналары жетиштүү.


Пандемия башталгандан бери 2 жылга жакын убакыт өттү. Борбордогу лабораториялар анын кандай вакциналарга же канткенде вирус жок болоору тууралуу түрдүү иликтөөлөрдү жүргүзүп келишет.

Жакында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштеп чыкты. Долбоор Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен жүзөгө ашууда. Программанын алкагында тумоо менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча атайын план бекитилип, бейтаптарды ооруну өтүштүрбөй сакайтуу багытында алгылыктуу кадамдар жасалат.