Дүйшөмбү шаарында катар өткөн эл аралык эки уюмдун жыйыны тең мааракелик даталарга туш келген. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин 30 жылдыгына арналса, ал эми быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгы белгиленүүдө. Мындан улам саммитке уюмга мүчө сегиз, байкоочу төрт мамлекеттин президенттери катышып, жана Ооганстан маселеси боюнча ЖККУ биргелешип бир аянтка чогулушту.
Бирок, бул жолу мамлекет башчыларынын тизмеси толук эмес. Орусия менен Кытайдын президенттери жана Индиянын премьер-министри жыйынга видео байланыш аркылуу катышышты. Күн тартибиндеги негизги маселе- Ооганстан.
Аймактагы коопсуздук өзөктүү маселе. Андан сырткары дүйнө өлкөлөрү, анын ичинен уюмга мүчө мамлекеттерде коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөш дагы деле уланууда. Мамлекет башчылары бул маселеге да өзгөчө маани беришти. Президент Садыр Жапаров, бул багытта уюмдун курамындагы мамлекеттер дары дармек жеткирүү, илдетти алдын алуу боюнча кызматташтыкты тыгыз жүргүзүп жатканын белгиледи.
Элдин саламаттыгы жана коопсуздук ар бир мамлекет үчүн олуттуу маселе. Ооганстанстандагы кырдаалды талкуулаган өлкө башчылары акыркы айларда бул өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүп жатканына байланыштуу эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелеринин күн тартиби тез өзгөрүп жатканын белгилешти. Президент Садыр Жапаров Ооганстан боюнча Кыргызстандын позициясына өзүнчө токтолду.
Адистер азыркы учурда Ооганстанда талибдер бийликке келгени менен коңшу жана башка өлкөлөргө түздөн түз коркунуч жарата турган жагдайлар жок дешет. Бирок, коргонуу, чек ара аймактарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатка ылайык.
Ар бир маселенин кесепети менен күрөшпөй, алдын алуу чараларын көрүү керек. Мына ушундай позициясын билдирген президент Садыр Жапаров, ШКУ саммитинде аймактагы жана ички коопсуздукту камсыз кылуу максатында терроризмге каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуш кылды.
Бул багытта уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишмердигин бекемдөө, буга катар социалдык экономикалык, маданий гуманитардык алакаларды арттыруу демилгелери көтөрүлдү. Пандемияга байланыштуу бардык тармактарда, анын ичинен транспорт логистика жаатындагы алакага аксагандыктан, президент Садыр Жапаров мындай жагдайда алтернативдүү транспорт каттамын киргизүү максатка ылайык экенин белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишкер ашыруу демилгесин көтөрдү.
Темир жол долбоорун ишке ашыруу идеясы Президент Садыр Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алганч учурда да талкууланды. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу жеке эле Кыргызстан үчүн улуттук маанилүү долбоор эмес, жалпы регионго орток маанилүү кенин жана кыргыз тарап бул багытта активдүү диалогду улантууга даяр.
Тараптар жакынкы аралыкта эки өлкө ортосунда ишке аша турган бир нече демилгелер тууралуу сөз козгошту. Маселен, Кытай Кыргызстанга 100 млн доллардын тегерегинде кайтарымсыз насыя берүүгө даяр. Каражат социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоо иретинде бөлүнөт.
«Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн 20 жылдык ишмердүүлүгүндө конкреттүү натыйжа жана салмактуу ийгиликтерге жетишти. Президент белгилегендей, башка мамлекеттердин ШКУга кошулууга умтулуусу уюм ишмердүүлүгү эл аралык аренада кеңири кызыгуу туудурганын айгинелейт. ШКУ саммитинде Иранды жаңы мүчө катары кабыл алуу, ошондой эле Сауд Аравия, Египет жана Катар Мамлекетине ШКУ диалогу боюнча өнөктөш макамын берүү жараяны башталды.
Бул жолу самиттин алкагында ЖККУ жана ШКУга мүчө өлкө башчылары биринчи жолу биргелешкен жыйын курушуп, анын негизги темасы дагы Ооганстандагы акыркы окуяларга байланыштуу болду. Аймактагы ири эл аралык эки уюмдун лидерлеринин катышуусунда кабыл алынгани чечимдер өз кезегинде алдыга коюлган тапшырма милдеттерди тез жана ыкчам ишке ашырууга өбөлгө болмокчу.