Уюмдун кезектеги жыйыны Ооганстанда Талибан кыймылы бийликке келип, жаңы өкмөттү түзүп жаткан учурга туш келди. Эл аралык коалициялык күчтөрдүн өлкөдөн чыгып, кырдаал чыңалып турганда аймактагы коопсуздук, ага катар качкындар маселеси жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттер Ооганстандын жаңы бийлиги менен кандай таризде кызматташат деген суроо турат.
Өз кезегинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити ага мүчө болгон ар бир мамлекеттин Ооганстан боюнча позициясын билдирип, мындан аркы кадамдарды аныктап алууга аянтча. Президент Садыр Жапаров аймактагы абал жалпы ЖККУнун коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып, азыркы кырдаал олуттуу тынчсыздануусун жаратып турганын белгиледи. Ал эми Ооганстан боюнча Кыргызстандын позициясы- кыргыз тарап бул өлкө менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактайт.
Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев Оганстандан качкындардын агымы көп болушу мүмкүн экенин, андыктан аларды уюмга мүчө мамлекеттердин аймагына кабыл алуу кооптуулукту жаратарын белгиледи. Ал эми жыйынга видео байланыш аркылуу катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин, ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек арасында реалдуу коркучун жаралагын белгилеп, кандай гана кырдаал болбосун бардыгына даяр туруу керек деген тынчсыздануусун билдирди. Тажикстан болсо Талибан түзгөн жаңы бийликке этникалык тажиктердун өкүл кирбесе, Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбай турганын айтып келет. Эмомали Рахмон жыйында бул позициясын дагы бир жолу бекемдеди.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму Оганстанда абал өзгөргөндөн тарта аймакта ири машыгууларды баштады. Сентябрь айынын башында Ысык-Көлдө “Рубеж-2021” аталган машыгуу өтүп, анда уюмга мүчө мамлекеттердин аскерлери шарттуу түрдө кокус сырттан келген коркунучтарга каршы туруу боюнча бирдиктүү ыкчам аракеттерди көрүштү. ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась бир айдын ичинде Ооганстанга жакын чек ара аймактарында дагы төрт ири машыгуулар өтөрүн билдирди.
Уюмга мүчө мамлекеттер биргелешип тышкы коркучунчтарга каршы аракет көрүп жаткан чакта, уюмдун ичинде да өлкөлөр ортосундагы алакада чыңалуу бар. Маселен, кыргыз тажик арасы боюнча чыккан көйгөйдөн улам, ушул кезге чейин ЖККУнун ишмердигине карата сын токтой элек. Президент Садыр Жапаров бул маселени саммитте көтөрүп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарапты Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл буруусуна басым жасоого милдеттендирерин белгиледи.
Аймактагы абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи. Жана уюмдун бардык аракеттери тышкы жана ички коркунучтарга карата өз ара кызматташтык алакаларын бекемдөө аркылуу жүргүзүлүшү шарт. Жыйындын жыйынтыгы менен жалпы коопсуздукка багытталган, анын ичинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам чара көрүү күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын каражаттар менен камсыздоо планы, материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо жөнүндө бир нече келишимдерге кол коюлду.