Борбордогу "Ынтымак-2" сейил багынын аймагында балдар инклюзивдүү аянтчасы ачылды. Аянтчада сапаттуу жана лицензияланган аттракциондор, майыптар арабасы менен түшүүгө мүмкүндүк берген оюн комплекстери, коопсуздук курлар менен селкинчектер жана ошондой эле атайын жасалган кумдар, отургучтар бар.
Уюштуруучулардын айтымында, аянтча өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн физикалык жана социалдык өнүгүүсүүнө шарт түзөт. Антчанын расмий ачылышына мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышып, аларга чакан концерт тартуулануу менен белектер тапшырылды.
“Балдар инклюзивдүү аянтча” социалдык долбоору жеке компания тарабынан каржыланып, шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Долбоордун жалпы бюджети төрт жарым миллион сомду түздү. Статистика боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 30 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.