Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады. Буга Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда. 

"Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта. 22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары санитардык алгоритм менен ишин жандантат. Тагыраагы, жүк ташуучу автоунаалар Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрүлө баштайт.