Жаңылыктар
Жалал-Абад: Береке базардын ичиндеги бир дүкөн күйүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: Береке базардын ичиндеги бир дүкөн күйүп кетти

Жалал-Абад шаарындагы Береке базардын ичинде аянты 72 кв.м. болгон тунуке менен жабылган азык-түлүк сатуучу дүкөн контейнер толугу менен күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусунан чыкты. Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБнөн 1 бөлүм тартылган, курчоого алынган өрт толук өчүрүлдү.