Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Айбек Калиев менен Салайдин Авазов боштондукка чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Айбек Калиев менен Салайдин Авазов боштондукка чыкты

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча камалган Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов боштондукка чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алар жаза мөөнөтү аяктагындыгына байланыштуу эркиндикке чыгышкан. Эскерте кетсек, 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча бир катар аткаминерлер күнөлүү деп табылып, камакка алынган. Анда Айбек Калиев 15 жыл, Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.