Кыргызстандын Франциядагы элчиси, өлкөнүн ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садыр Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азулеге ишеним грамотасын тапшырды.
Жолугушуу 15-сентябрда Париждеги уюмдун башкы кеңсесинде болду. Анын жүрүшүндө тараптар ЮНЕСКОнун камкордугу астында жыл сайын өтүүчү биргелешкен Эл аралык кинофестивалды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди. Максаты - ЮНЕСКОнун идеалдарын жана миссиясын жайылтуу - элдердин жана маданияттардын жакындашуусуна шарт түзүү, ишке ашыруу. Ошондой эле тарыхый жана дүйнөлүк мурастарды, элдик көркөм өнөрдү өнүктүрүү жана сактоо, маданияттын бардык тармактарында кызматташуунун жаңы багыттарын ачуу.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы мамилени, Кыргызстандын ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү катары ролун (2019-2023-жылдарга), ошондой эле кыргыз элинин маданий мурастарын дүйнөгө таанытууда уюмдун орду белгиленди. Одре Азуле Уюмдун Кыргызстан менен кызматташуусу мындан ары өнүктүрүүгө жана билим берүү, илимий жана маданий программаларды колдоо боюнча глобалдык кампаниянын алкагында кыргыз тарапка жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктар тармагына кошулуу үчүн "Ысык-Көлдүн түштүк жээги" номинациясын даярдоодо консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүлөт. Бул аймак эл аралык маанидеги геологиялык мураска, ошондой эле бай жаратылыш мурасына ээ, мында бир нече мөңгү бар, алардын бири - Борбордук Тянь-Шандын эң чоң мөңгүсү болгон "Түштүк Эңилчек" мөңгүсү. ЮНЕСКО чокусунун бийиктиги 5063 м. Ал ошол эле тоо кыркаларында, Геопарктын аймагында жайгашкан.