Улуттук банк Кыргызстанга ушул жылдын январь-июль айларында 1 миллиард 494,7 миллион доллар которулганын билдирди. Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөгө 1 миллиард 226,9 миллион доллар түшкөн. Өткөн жылдын башында өнөктөш мамлекеттер пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү киргизгендиктен Кыргызстанга түшкөн акчанын көлөмү азайган. Ал эми июнь жана июль айларынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу кыскарган.
Эгерде биз жети айдын көрсөткүчтөрүн жылдар менен салыштыра турган болсок, анда учурдагы маалыматтар көлөмү боюнча экинчи катарда турат. Биринчи рекорд 2018-жылдын январь-июлунда катталып, каражат 1 миллиард 508 миллион долларга жеткен.