Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган экс-депутат, шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган. Шектүүнүн бөгөт чарасы жакын арада аныкталат.
“16-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында жана алынган далилдердин негизинде мурдагы депутат Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалды”,- деп билдирди УКМК.
Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, сөз мурдагы депутат Руслан Чойбеков жөнүндө болууда.