Ош шаарындагы "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгындагы экологиялык абал боюнча рейд өттү. Кичи райондун көчөлөрүн текшерүү учурунда таштанды контейнерлеринин жетишсиздигинен ар кайсы жерде таштанды таштоочу жайлардын пайда болуусуна көңүл бурулду. Бул маселени чечүү үчүн ар бир көп кабаттуу үйдүн жанына кошумча таштанды контейнерлери орнотулаары жана ар бир имараттын жанында жок дегенде 3 блок пайда болоору маалымдалды.
«Учурда биз көчөлөрдө жана эң башкысы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанаша аймагында тазалыкты камсыз кылуу маселелерин чечүүгө болгон мамилебизди өзгөртөбүз. Ошондой эле, жергиликтүү аймакта тартипти калыбына келтирүү максатында "Ош-Тазалык" ишканасына кошумча 100гө жакын кызматкерди алып, көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын тазалоо долбоорун кайра баштоо демилгеси көтөрүлүүдө. Мындан тышкары, ар бир көп кабаттуу үйдүн жанына таштанды менен стихиялуу чекиттердин пайда болушуна жол бербөө үчүн кошумча түрдө кеминде 3 контейнер орнотулат. Учурда жалпысынан шаар боюнча контейнерлер буга чейин 207 жерге, анын ичинде ХБК кичи районуна 16 жерге орнотулган. Бул багыттагы иштер улантылат”, - деп белгиледи Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев.
Иш-чарага "Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчилери, "Манас-Ата" башкармалыгынын кызматкерлери, кварталдык комитеттердин төрагалары катышты.