Жаңылыктар
"Жашоонун сырлары" аталган тарбиялык маанидеги социалдык роликтин жабык көрсөтүүсү өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Жашоонун сырлары" аталган тарбиялык маанидеги социалдык роликтин жабык көрсөтүүсү өттү

Бишкекте "Жашоонун сырлары" аталышындагы социалдык роликтин жабык көрсөтүүсү өттү. Негизги максат - жаштарды колдоо. 

3 айдын ичинде жалпы 15 ролик тартылып, анын төртөө көрүүчүлөргө тартууланды. Тасмалар бардык курактагы жарандарга багытталган. Жакынкы күндөрү тасма мамлекеттик телеканал, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага катышкан коноктордун сын-пикир, толуктоорун эске алуу менен мындан ары да ушундай социалдык роликтерди тартуу пландалып жатат. 

Белгилей кетсек, иш-чара мамлекет башчынын “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.