Жаңылыктар
Кыргызстанга Кытайдан бир жарым миң тонна буудай келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Кытайдан бир жарым миң тонна буудай келди

Кыргызстанга Кытай Эл республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунан бир жарым миң тонна буудай келип түштү. 

Көрсөтүлгөн жардам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана COVID-19 илдети менен күрөшүүдө кытай элинен жардам катары берилди. Белгилей кетсек, мындай жардам көрсөтүү чечими Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуу учурунда белгиленген. Көрсөтүлгөн бир жарым миң тонна буудай ӨКМдин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Балыкчыдагы түндүк аймактык бөлүмүнө жеткирилди.

"Кытай мамлекетинен Кыргыз мамлекетине гуманитардык жардам катары азык-түлүк багытындагы 1500 тонна буудай келип түштү. Буудай Балыкчыдагы ӨКМ мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Балыкчыдагы түндүк аймактык бөлүмүнө жеткирилди. Азыр кабыл алуу иштери так жүрүп жатат",- деди ӨКМдин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасынын жетекчиси Бактыбек Тайкашкаев.