Жаңылыктар
Испанияда видео оюндарына көз каранды бала ооруканага жаткырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Испанияда видео оюндарына көз каранды бала ооруканага жаткырылды

Испанияда видео оюндардан көз каранды болуп калган өспүрүм мажбурлоо жолу менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү El Pais гезитине шилтеме берип "Известия" жазды. 

Маалыматка караганда, бул бейтап ооруканага түшкөн алгачкы учур. Бала эки ай бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ата-энеси баласынын жүрүм-туруму өзгөрө баштаганын окуу жылынын башында байкаган. Ал сабактан качып, уйкудан кала баштаган. Кастельон провинциясынын ооруканасынын дарыгерлери менен Хайме университетинин психологдору биргеликте баланы компьютердик оюндардан оолактатып, дарылоо иштерин баштады. 

Медиктердин айтымында, өспүрүмдүн виртуалдык оюндарга берилип кетишине жакын адамынын өлүмү себеп болушу ыктымал. Мындай жол менен ал кыйналган жан дүйнөсүн жооткотуп жатышы мүмкүн экени айтылган. Кытайда балдарга онлайн оюндарды ойноого августтун аягынан тарта чектөөлөр киргизилген.