Жаңылыктар
Башкы прокуратура «Прокурордун кеңеши» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура «Прокурордун кеңеши» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты

Башкы прокуратура «Прокурордун кеңеши» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. 

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, мобилдик тиркеменин башкы максаты жарандардын прокуратурага тез кайрылуусуна жардам көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн жашоочуларын түйшөлткөн эң курч темаларга ыкчам аралыкта жооп берүү болуп саналат. 

Жогорудагы тиркемени Play Market`тен жана Башкы прокуратуранын расмий сайтынан жүктөп алууга болот. Эскерте кетсек, "Прокурордун кеңеши" мобилдик тиркемеси Европа биримдиги тарабынан каржыланган.