Атайын операциянын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында 7 килограмм баңгизат табылды.
Ички иштер министрлигинен билдиргендей баңгизаттарды мыйсамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте мурда катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын натыйжасында Жалал-Абад шаарында мурда соттолгон 1970-жылы туулган Өзбекстандын жаранын кармаган. Колго түшкөн адамды текшерүү учурунда андан жалпы салмагы 1 кг 905 грамм болгон гашиш табылган.
Ал эми ошол эле күнү Сузак районунун 1995-жылы туулган тургунунун жашаган жерин тинтүү учурунда 6 кг 922 грамм ооган гашиш табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.