Жаңылыктар
БШК жаңы система менен өтүүчү парламенттик шайлоонун бюллетенин көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
БШК жаңы система менен өтүүчү парламенттик шайлоонун бюллетенин көрсөттү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы система менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенин көрсөттү. 

Пропорционалдык система менен өтчү шайлоодо бюллетендин үстү жагына партиянын аталышы, астына анын тизмесиндеги 54 талапкердин номери коюлат. Ал эми бир мандаттуу округдан шайлоо бюллетенинде талапкерлердин аты-жөнү катары менен жазылган.