«АКБ Толубай» Жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 309-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат. 14-сентябрда бул кылмышка шектүү катары ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.