Жаңылыктар
Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын четке какты
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын четке какты

Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке какты. 

Бул тууралуу Law360 порталы жазды. 25-август күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары "Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компанинин" кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP фирмасынын адистери АКШ сотуна Кыргызстандын бийлигине санкция салуу боюнча арыз менен кайрылган. Юристтер келишим шарттары аткарылбаган ар бир күн үчүн 1 миллион доллардан талап кылышкан. 

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды. "Азырынча "автоматтык түрдө токтотуунун" шарттары бузулду деп айтууга эрте", — деди судья өз чечимин жарыялап жатып. Маалыматка караганда, соттук процесс октябрь айында улантылат.