Жаңылыктар
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сайттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сайттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш-чара өттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик түзүмдөрдүн адистери жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирикмелеринин өкүлдөрү, маалымат технологиялар жаатындагы эксперттер менен жолугушууга катышты.

Жолугушууда буга чейинки жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы көрсөтүлүп, мамлекеттик органдардын сайттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланды.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясын жүзөгө ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» коомдук фонду беш мамлекеттик органдардын сайттарынын майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүүлүгү боюнча эксперттик баа берди.

Жүргүзүлгөн баалоо аталган сайттардын көптөгөн элементтеринин майыптыгы бар жарандарга жеткиликтүү эмес экендигин көрсөткөнүн  «Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясын жүзөгө ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» коомдук фондунун директору Владимира Ганжела белгиледи.

Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарын түзүү жана колдоо боюнча бирдиктүү талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна талап кылынган өзгөртүүлөрдү  киргизүүнү демилгелөөгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле Министрлик эксперттердин сунуштары боюнча бул опцияны өзүнүн расмий сайтына киргизүүгө даяр экендигин билдирет.