Жаңылыктар
Жарыктын баасы мурдагыдай эле 700 килоВаттка чейин 77 тыйын боюнча калтырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жарыктын баасы мурдагыдай эле 700 килоВаттка чейин 77 тыйын боюнча калтырылат

Калк үчүн жарыктын баасы мурдагыдай эле 700 килоВаттка чейин 77 тыйын боюнча калтырылат. Ал эми бийик тоолуу райондун жашоочуларына болгон 700 кВт/саатка чейин чектөө жоюлат. Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлангандай, айлык, пенсия, жөлөк пул көбөйтүлмөйүнчө тариф жогорулабайт. Ал эми, өндүрүш ишканалары 5 сом 4 тыйын төлөшөт. Бул тууралуу энергетика тармагынын абалын  талкуулаган жыйында айтылды.

Бүгүнкү күндө энергетика коомдо кызуу талкууланган маселелердин бири. Бул ирет дагы энергетиктер, көз карандысыз серепчилер, коомдук ишмерлер тегерек столго чогулушту. Алар энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жолдору, тариф саясаты боюнча өз ойлорун ортого салышты.
 
Азыр Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон суу сактагычы бар. Баары биригип Токтогул каскадын түзөт. Азыр Токтогул ГЭСи өлкөдө өндүрүлгөн 4 миң мегаВаттка жакын электр энергиянын 1200 мегаВаттын өндүрөт. ГЭСтин модернизациясынын 3 фазасы тең бүтсө ГЭСтин кубаттуулугу 240 МегаВаттка көбөйүп, пайдалануу мөөнөтү 40 жылга чейин узарат.
 
Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн бир нече долбоорлорду ишке киргизүү каралган. Анын бири жакында эле капсуласы салынган Киров суу сактагычындагы «Бала-Саруу» ГЭСи. Андан сырткары Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Гүл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу пландалууда.
 
Учурда 700 кВт саатка чейинки электр энергиясын пайдалангандарга жарык 77 тыйындан эсептелет. Андан ашык колдонгондор 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Өнөр жай, айыл чарбасы жана бюджеттик мекемелерге тариф 2 сом 24 тыйындан коюлган. Талкуунун жыйынтыгы менен калк үчүн тариф мурдагыдай калтырылып, бийик тоолуу аймактарга чектөөлөр алынып салынмай болду.
 
Талкуунун катышуучулары бул тармактарга дагы тарифти мурдагыдай калтыруу керек деген пикирде. Айтымдарында пандемиядан кийин көп ишканалар жандана албай жатышат.
 
Бул жагдайлардын баарын эске алуу менен энергетиктер, көз карандысыз серепчилер, коомдук ишмерлер чакан ГЭСтердин курулушун колдоо керектигин белгилешти. Бул сунуш-пикирлер кабыл алынган резолюцияга камтылып, энергетиктер электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууга чакырышты.