Жаңылыктар
Токмоктогу “Шарк” шаарчасына салынган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токмоктогу “Шарк” шаарчасына салынган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Турак жайга муктаж болгон 100 үй-бүлөгө Токмоктогу“Шарк” шаарчасына салынган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды.

Токмоктогу бул шаарча Араб инвесторлорунун жардамы менен курулуп, калктын эң аялуу катмарына кирген көп балалуу жесир аялдарга берилди. Шаарчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышты. 

Үйлүү болуп кубанып тургандардын бири Ырысгүл Бейшебаева. Үч жыл мурда жолдошу оорудан каза болуп үч баласы менен жесир калган. Турак жайы болбогондуктан Токмок шаарында балдары менен батирде жашап келген. Туруктуу иши да жок болгондуктан күнүмдүк жумуштарда иштеп, балдарын багат. Эми минтип социалдык шаарчадан турак жайлуу болду.